// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Досторумдан эмнем кем?

Менин досторумдун баары майрамдарда ичип, чегишет, мен ичпейм деп баш тартсам “апасынын баласы” деп шылдыңдашат, кошулбай коеюн десем алардан башка досторум жок, эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
19.01.2018, 17:13

Өмүрбек

жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкери

“Досуңду көрсөт, анан сенин ким экениңди айтам” деген элибизде жакшы макал бар, андыктан досторду дагы туура тандоо абзел. Досторуңа кошулуп ичип, чекпесең дагы башкалар сени, ичет, чегет деп ойлойт. Ата-энеңе жаман сөз тийгизесиң, келечегиңди талкалайсың. Өзүң деле байкап, баамдасаң керек жалаң намаз окугандардын, спорт менен машыккандардын, ичип, чеккендердин өздөрүнүн чөйрөсү болот. Сен өзүңө жакпаган чөйрөдөн чыгып кетсең эмнеге болбосун, окууга көңүлүңдү буруп, жаңы досторду изде, дос деген табылат. Мектепти аяктап жогорку окуу жайга тапшырасың, ошондо туура чөйрөгө аралаш.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт