Менин денемдин баарын түк басып кетти, дарыгер депиляциялык крем колдон деген, бирок ал жардамын берген жок. Эмне кылсам болот?
// //
Менин денемдин баарын түк басып кетти, дарыгер депиляциялык крем колдон деген, бирок ал жардамын берген жок. Эмне кылсам болот?
Түктүн көп өскөнүнүн себеби гормондук өзгөрүүлөрдөн болушу ыктымал. Андан арылуунун жолдору көп десек дагы болот. Мисалы: эпиляция деп атайын аппараттын жардамы менен түктү тамырына чейин жок кылып, өстүртпөй коюу. Мунун түрлөрү бар фотоэпиляция, лазердик эпиляция жана электроэпиляция. Мындан сырткары депиляция деген бар. Мында ар кандай табигый каражаттардын жардамы менен теринин үстүнкү катмарындагы түктөрдөн арылуу. Бирок эндокринологго кайрылып, текшерилип түктүү болуунун себептерин билип алып анан иш алып барыңыз.