Жакында үй-бүлөбүз менен башка жерге көчөбүз. Мен жаңы мектепке баргандан коркуп жатам. Ал жакта досторум жок, эч кимди тааныбайм. Эмне кылсам болот?
// //
Жакында үй-бүлөбүз менен башка жерге көчөбүз. Мен жаңы мектепке баргандан коркуп жатам. Ал жакта досторум жок, эч кимди тааныбайм. Эмне кылсам болот?
Рустам Исмаилов
Психолог
Жаңы мектепке которулуу дайыма стресс, коркуу сезимдери менен коштолот. Сизди жакшы кабыл алышса дагы, белгилүү бир убакытка чейин жаңы жер сиз үчүн ыңгайсыз болот. Бирок бул нерсе өтүп кетет. Чоң адамдарда, анын ичинде ата-энеңизде дагы сиздикиндей кабатырлануу сезимдери бар. Баарыбыз белгисиздиктен коркобуз. Бул учурда позитивдүү ойлонуу жакшы жардам берет. Мени кабыл албай койсо эмне кылам дебестен, жаңы досторду тапканыңызды, жакшы окуп жатканыңызды элестетиңиз.