Менин окуям мындайча. Мен престиждүү компанияда эмгектенем. Эч нерседен кем болгон эмесмин. Бир жигит менен жарым жылдан бери сүйлөшүп жүрөм. Өзүм дагы кантип сүйлөшө баштаганыбызды билбей калдым. Болгону ал мени жакшы түшүнөт, мен ага бардык нерсени айта алам, мага түрдүү тамашаларды айтып берип, көңүлүмдү көтөрөт. Мен анын үй-бүлөсү, балдары бар экенин билчүмүн. Бирок бул нерсе мени токтото алган жок. Ал учурда бул нерсени ойлогон дагы жокмун, 3 айдан кийин гана сурай баштадым. Ал ажырашкам деп жатат. Бул чын экен, документтерин көрсөттү. Бирок аялы менен бир үйдө жашап жатканы мени тынчсыздандырат. Ал бир үйдө жашаганыбыз менен чогуу жатпайбыз, бөлөк жашайбыз деп жатат. Бул дагы чындыктай көрүнөт. Себеби биз эртеден кечке чогуу жүрөбүз, кафега барабыз, сейилдейбиз, эртең менен, кечинде видео чалуу менен сүйлөшөбүз. Жигитим балдарымдын айынан эле чогуу жашап жатабыз дейт. Мен буга каршы эмесмин, баласына үй керек. Аялын деле куубай эле кой, жашай берсин дедим. Биз чогуу батирге акча чогултуп, өзүбүз сатып алып жашайлы деп чечтик. Бирок досторунун көбү анын ажырашканына ишенбейт экен. Мени анын көңүлдөшү катары карап жатышат. Мага аялы аны дагы да болсо сүйгөндөй туюлат. Ошондуктан жанында жүргөндөй. Мен ага бул оюмду айттым, ал болсо мени сүйөөрүн, буга чейин эч кимди мынчалык сүйбөгөнүн айтты. Мени эртең менен гүл берип тосуп алат, жумушка жеткирет, кайра кечинде үйгө алып келет. Өзү дагы буга чейин эч кимге гүл берип көрбөгөнүн айтып күлүп калат. Мени жашырбайт. Достору менен тааныштырат. Достору дагы анын жумшак болуп калганын айтышты. Суроом ага ишенсемби же жокпу. Ишенсем дагы кызганууну кайда кетирем. Мен 22, ал 33 жашта, үч баласы бар.