Менин жашым 16 да, 2 ирээт наркоз алгам. Мени кыйнаган нерсе аябай көп ойлоном, таптакыр ойдон арыла албай койдум. Ойдун айынан кылып жаткан ишимди деле билбей калам, мындан тышкары унутчаакмын. Эмне кылсам болот?
// //

Гүлсана Бапаева
терапевт
Биринчиден сиз дарыгерге кайрылууңуз абзел. Мээнин кан тамырларын жакшыртуучу, иммунитетти чыңдоочу витаминдерди ичип турушуңуз керек. Эртең менен таза абада дем алуу, физикалык көнүгүүлөрдү кылуу, дайыма шайыр жүрүү, майда нерселерге капа болбоо сизге жардамын берет. Негизинен ар бир бейтап көрүнүүгө келсе индивидулдык дарылоо жазылат, андыктан дарыгерге кайрылыңыз.