Мен 14 жаштамын. Өзүм толукмун. 57 кгмын. Кантип арыктасам болот?
// //
Мен 14 жаштамын. Өзүм толукмун. 57 кгмын. Кантип арыктасам болот?
Гульнара Абдрахманова
Диетолог-эндокринолог
Салмактан арылуу үчүн 3 нерсени эске алыңыз.
Тарелканы элестетиңиз. Аны экиге бөлүңүз, бир бөлүгүн жашылча-жемиштер, экинчи бөлүгүнүн жарымын углеводдор, жарымын белоктор түзсүн. Өзүңүздөр көргөндөй жеп жаткан тамак-ашыбыздын 50 пайызын жашылча-жемиштер ээлеши зарыл. Ар дайым тамактанып жатканда бул эрежени колдонуңуз. Түштө сөзсүз түрдө тамактаныңыз. Ачкачылык үч сааттан ашса, организим стресске кабылат. Тамактанганда ашыкча өлчөмдү өзүнө май кылып топтоп алып, кайра ачка болуп баштаганда аны колдонот. Андыктан негизги болгон эртең мененки, түшкү жана кечки тамактануулардын арасында аз-аздан бир нерсе жеп туруңуз.
Көпчүлүк азыр салмактан тез арылуу үчүн энергетиктерди, биокошулмаларды колдонушат. Бул чон жаңылыштык. Мындай тамактануудан боор, жүрөк, бөйрөк жана нерв системалары жабыркайт. Арыктайсың деп эч ким кепилдик бере албайт. Алсак, бөйрөк биз жеген нерселердин баарын филтрация кылган эң негизги орган. Энергетиктерди колдонгондо майлардан арылуу агрессивдүү түрдө жүрөт. Зыяндуу кетон заттары сыртка көп өлчөмдө бөлүнүп чыгат. Бөйрөккө чоң басым келет. Эгерде бөйрөк бир жолу жабыркаса, аны кайра толугу менен калыбына келтирүү мүмкүн эмес экенин эске алуу керек. Андыктан убагында таасир бергени менен, мындай зыяндуу кошулмалардын кесепети келечекке тиет. Биздин өлкөдө арыктатуучу каражаттардан орлистатка гана уруксат берилген. Калгандары мыйзамсыз жолдор менен келет. Орлистат майларды соруп алат, нервге доо кетирбейт, анорексигендик таасири аз. Баары дарыгердин көзөмөлүнүн астында жүргүзүлөт. Бирок аны колдонбой койсоң майлар кайра калбына келип калат. Андыктан баары бир туура тамактануу эрежесин кармануу зарыл.