Учкуч болуу үчүн эмне кылуу керек? Кандай сабактарды окушум керек?
// //
Учкуч болуу үчүн эмне кылуу керек? Кандай сабактарды окушум керек?
Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжинин кабыл алуу комиссиясы
Саламатсызбы, эгерде сиз учкуч болууну кааласаңыз биздин окуу жайга тапшырып, атайын медициналык текшерүүдөн өтүңүз. Эгерде медициналык кароодон өтуп кетсеңиз, окууга кабыл алынасыз. Кабыл алуу 11-класстын базасында 22-июнда башталат. Окуу мөөнөтү 1 жыл 10 ай. Керектүү документтер аттестат, медициналык №086 жана психоневрологиялык, наркологиялык диспансерден маалымкат, 3*4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт, паспорт, рентгенологдон мурун көңдөйүнүн сүрөтү керектелет. Ошондой эле бул кесипке тапшырып жаткандар кошумча, орус же кыргыз жана англис тилинде сынак беришет. Андыктан айтылуу сабактарды жакшы окуңуз.