// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Дубайга барып иштегим келет

Курулуш тармагында окуйм , ушул жылы бүтөмүн. Дубайга барып иштегим келет . Кандай кылып кетсем болот? Кесибим боюнча иш тапсам болобу?

Эксперттин жообу
09.03.2018, 10:39

Мамлекеттик миграция кызматынын астындагы Маалыматтык-консультациялык борбору

Калкты жумушка орноштруу борбору менен Дубайдын «ArakManagementConsultancy & HumanResourceManagement» компаниялары ортосундагы келишимге ылайык жарандарды жумушка орноштуруу  мыйзам ченемде жүргүзүлүп келет.

Дубайга жумушка орношууну каалаган жарандарга болгон талаптар:

  • Англис тилинде эркин сүйлөө
  • Тейлөө кызматында иштөө тажрыйбасы
  • Жакшынакай  өң-келбет
  • Коммуникабелдүү жана жоопкерчиликтүү
  • 20-35 жашка чейин. (Жумуш берүүчүлөргө жараша жаш курак өзгөрүлүшү мүмкүн)

Эгерде жогорудагы талаптарга жооп берсеңиз, биздин борборго келип, каттоодон өтүңүз.

Керектүү документтер:

  • Чет жакага чыгуучу паспорттун түстүү көчүрмөсү
  • 4*6 өлчөмүндөгү 2 сүрөт
  • 9*12 өлчөмүндөгү бүткүл тулку боюңуз түшкөн бир сүрөт, электрондук варианты дагы керектелет.
  • Анкета толтурасыз
  • Англис тилиндеги резюме
  • Каттоо төлөмүн төлөдү деген квитанция

Кененирээк маалыматты Маалыматтык-консультациялык борборунунhttp://oec.kg, миграция кызматынынhttp://kg.ssm.gov.kg/сайтынын алсаңыздар болот.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт