Мен боюмда бар кезде күйөмдөн телефондон талак сурагам. Анан ал 3 талак берген. Боюнда бар кезде талак түшпөйт деп уккам. Ушул чынбы?
// //
Мен боюмда бар кезде күйөмдөн телефондон талак сурагам. Анан ал 3 талак берген. Боюнда бар кезде талак түшпөйт деп уккам. Ушул чынбы?
Кадыр Маликов
теолог
Ооба бул чын. Эгерде боюнда бар кезде жолдошу телефон аркылуу талак берсе ал түшпөйт жана алар ажырашпаган болуп эсептелинет. Себеби биринчиден аялдын боюнда бар, экинчиден азыркы заман талабына ылайык үч ирээт катарынан айтылган талак бир талак болуп эсептелинет, ал түшпөйт. Андыктан бул учурда күйөсү өз күнөөсүн моюнуна алып, тобо келтирип, үй-бүлөнү сактап калса болот.