// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Россия ЖОЖдоруна кантип тапшырсам болот?

 

Быйыл мен 11-классты бүтөм. Чет жакага окууга тапшырайын десем үйдөгүлөр каршы болуп жатышат. Анан Россияга тапшырууга уруксат беришти. Екатеринбургдагы ЖОЖдорго тапшырсамбы дедим эле. Кайсыл жактан маалымат алсам болот?

 

Эксперттин жообу
02.03.2018, 17:08

Россиянын илим жана маданият борбору 

Чет элдик жарандар Россияда акысыз жана акча төлөп орто кесиптик, жогорку жана кошумча кесиптик билим алууга укугу бар. Тандоо турлары, кабыл алуу кеңештери туралуу Россиянын билим берүү министрлигинин интернет сайтынан http://минобрнауки.рф/ билим берүү жана илим чөйрөсүн көзөмөлдөгөн федералдык кызматынын http://obrnadzor.gov.ru/ сайтынан таанышып чыксаңыздар болот. Документтерди элетрондук кабыл алуу боюнча http://russia.study/ сайтына кирип катталып, анкета толтурасыздар. Дал ушул сайттан ЖОЖдорду тандасаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт