Бетим бала чагымдан бери кызыл жана кызыл тамырлар чыгып турат. Айылда жүргөнүмдө көп этибар алган эмесмин, шаарга келгенде өтө эле кызыл экенин байкадым. Жай мезгилинде күндүн ысыганынан кулагыма чейин кызарат. Агартуучу маскаларды коюп көрдүм, бирок жыйынтыгын бербеди. Азыр болсо боёнмоюн эшикке чыга албайм. Дарыланганга акча жагынан шартым жок, үй шартында кантип агартсам болот?