Менин жашым 19 да азыркы учурда студентмин. Бир бала менен сүйлөшөм, жакшы бала. Жакшы көрөөрүнө да ишенем. Убагында жаңылып, башка бирөө менен кошулуп койгон элем, аны ачык айттым. Ал бирок, баш тарткан жок, мага маанилүү эмес дейт. Кийин айтып сөз кылабы деп корком. Ата-энем ал баланы тааныйт, бирок жаман көз карашта, сүйлөшпө дешкен. Себеби мага аны тең көрүшпөйт. Анткени ал курулушта иштейт, билими жок. Кантип түшүндурөм? Эмне кылам? Кимге кайрылаарымды чынында билбей жатам. Канткенде ата-энемди көндүрөм же жигитимден баш тартамбы?