Мен жакында эле турмушка чыктым. Жолдошум уктап жатканда албарсты басып жатат деп кыйналып, уктап жатып "мени ойготчу" деп сүйлөнөт. Ойготсом ойгонбойт, бетине чапкылап жатып зорго тургузам. Молдого дем салдыралы десем болбой жатат. Анын жанында жатып мен да жаман түштөрдү көрүп, ойгоно албай кыйналам. 9-класста окуп жүргөндө классташ балам каза болуп калган, көбүнчө ошол түшүмө кирет. Кандай кылсак албарстыдан, жаман түштөрдөн арылабыз?