Жыныстык жагымдан ак суюктук келип турат. Даарат алгандан соң суюктук келсе, даарат бузулабы? Ич кийимди күндө 2 жолу алмаштырыш керекпи?
// //
Жыныстык жагымдан ак суюктук келип турат. Даарат алгандан соң суюктук келсе, даарат бузулабы? Ич кийимди күндө 2 жолу алмаштырыш керекпи?
Улан Усупов
теолог
Жыныстык органдан келген ак же сары түстөгү суюктук ошол органдан бөлүнүп чыгып ич кийимге жуккан кезде даарат бузулат. Эгерде жыныстык органды жаап туруучу тампон, чүпөрөк, кебез сыяктуу нерселердин сыртына бул суюктук бөлүнүп чыкпаса, башкача айтканда сырттан караган учурда көрүнбөсө, мындай учурда даарат бузулбайт. Даарат бузулса кайра алынат жана ич кийимин жуушу да абзел. Ич кийимди булганган кезде алмаштыруу керек. Бирок, аалымдардын кээ бири күн сайын ич кийим алмаштырып турсаңар эң сонун болот деген жери бар.