Менин көйгөйүм, апам мени жактырбаганында. Апам менен урушуп-талашпоо үчүн ага жардам берип, колуман келген бардык нерсени кылам. Ал эми сиңдим эч нерсе кылбайт, сабактан келип жата берет. Ага деле макул, бирок апам ар дайым менден кемчилик издеп турат. Абдан намыстуу болгонум үчүн, апам урушуп жатканда көз жашымды көрсөтпөйм. Жалгыз калганда эч кимге көргөзбөй ыйлайм. Апама жагуу үчүн болгон аракетимди жумшайм. Ал болсо элдин көзүнчө мени басынтып, урушат. Эмне кылышты билбей калдым, мен бактылуу болгум келет. Мүнөзүмдүн айынан кээде айтышып кетем, бирок кайра кечирим сурайм. Менде баары жакшы, болгону апам барын бузуп, көп нерсеге уруксат бербей, колуңдан келбейт, сага акча коротуунун пайдасы жок дей берет. Кээде асылып алгым келет. Бирок мен атамдын кызымын, атамды ойлоп боорум ооруп кетет.