Менин жашым 14 тө. Кичинемден баш мээм чайкалган, гайморитим дагы бар. Дайыма башымда импульсивдик оору болуп, жүрөгүм айланып, кускум келип турат. Бирок мурдумдан суу акпайт. Ата-энем жөн эле ойноп жатасың, кантип ушунча көп уктайсың, баары телефондон болуп жатат дей беришет. Күндүзү уктатышпайт, ошол себептен эртең менен араң ойгоном. Сабактан уктап, мугалимдерден уруш жейм. Гемоглобиним 120, жакшы тамактанам. Эмне себептен болушу мүмкүн?