Саламатсызбы! Мен эки айдан кийин төрөйм. Жолдошум экөөбүздүн нике күбөлүгүбүз жок. Өзү чет өлкөдө жүрөт, жакын арада келбейт. Балама туулгандыгы тууралуу күбөлүк алсам, менин фамилиям жазылып калабы? Ушул жөнүндө маалымат берип коесузбу.
// //

Мамлекеттик каттоо кызматы
Саламатсызбы! Сиз баланын атасы менен никеде турбасаңыз жана балага карата аталык аныкталбаса, баланын аты сиздин каалооңуз боюнча жазылат. Тактап айтканда, балага кимдин фамилиясын берээрин өзүңүз чечесиз. ЖААКка кайрылсаңыз, кызматкерлер кененирээк түшүндүрөт. Ийгилик!
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк кантип алса болот? Документтер, баалар, даректер