Өзүм аябай көп нерселерге кызыгам. Изденүүнү жакшы көрөм. Бирок эс тутумум начар, бат унутуп калам. Эмне кылсам болот?
// //
Өзүм аябай көп нерселерге кызыгам. Изденүүнү жакшы көрөм. Бирок эс тутумум начар, бат унутуп калам. Эмне кылсам болот?
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Окурман, сурооңузга жооп берүү үчүн жынысыңыз, жашыңыз, эмне иш менен алек болооруңуз маанилүү. Мындан кийин суроону так жазып узатыңыз!
Эс тутумдун начар болушуна көптөгөн факторлорду айтса болот. Мисалы, башыңыздан жаракат алгансыз же химикаттар менен иш алып барасыз жана башка.
Биринчи кезекте, мээни машыктырыш керек. Жөнөкөй сандарды эстеп калуудан баштасаңыз болот. Мүмкүн сиз эстеп калууга аракет жасабайсыз. Бул жагына да маани берип, аракет кылып көрүңүз.
Эгер бул маселе сиз үчүн чоң маселе жаратса адиске кайрылыңыз. Дарыгердин көзөмөлүнөн өткөндөн кийин, витаминдерди ичип же тамчылатма дары аласыз.
Ден соолук каалайм!