// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жалгыз бой энелерге жөлөк пул чектелбейби?

Саламатсызбы! Мага жөлөк пул жөнүндө кеңеш керек болуп жатат. Алдын ала ыраазычылыгымды билдирем.

Менин кайын сиңдим 2 жыл мурда 2 кызына "жалгыз бой эне" деп жөлөк пул алчу. Анда мектепте мугалим болуп иштечү, кийин иштебей калды. Быйыл январда турмушка чыкты. Эки кызы таене, таятасында калды, 1-2-класста окушат. 

Эми кайра эки кызга жөлөк пул чектетели десек, "күйөөгө чыгып кетти, жалгыз бой эне эмес" деген сөздөрдү айтып жатышат. Таятасынын көзү азиз, 1-топтогу майып, таенеси да ооруп араң жүрөт. Эмне кылсак болот?

Эксперттин жообу
11.02.2019, 10:21

Айкөл Турганбаева

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери 

Саламатсызбы! Мамлекеттик жөлөк пулдардын 3 түрү бар:

  1. Үй-бүлөгө көмөк
  2. Балага сүйүнчү
  3. Ай сайын берилчү социалдык жөлөк пул.

"Жалгыз бой эне" статусу болгондугуна карабастан, жөлөк пулдар жалпы негизде гана берилет.

Сиздин кайын сиңдиңиз "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулуна документ тапшырса болот. 

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу

  • Өлчөмү-810 сом.
  • Кимдерге берилет-16 жашка чейинки балдары бар, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө.
  • Керектүү документтер- арыз берүүчүнүн паспорту, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, факт жүзүндө жашаган жерден үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат, кирешесин тастыктаган маалымкат (иштеген жеринен, айыл өкмөттөн), банктык эсеби жөнүндө маалымат. Зарылчылык болгон учурда кошумча документтер берилет.
  • Документтерди кабыл алуу жайлары- шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары.

Үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулуна бала менен чогуу жашаган ата-эне гана арыз бере алат.  Эгерде кайын сиңдиңиз кыздары менен чогуу жашабаса, анда алар менен чогуу жашаган адамды соттун чечиминин негизинде камкорчу, көзөмөлчү кылып дайындайт. Кийин камкорчу адам кыздарга жөлөк пул чектетүү боюнча кайрылса болот.

Кененирээк маалымат алуу үчүн 0312 30 01 26 телефонуна чалыңыз.

 



0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт