Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, бизге кайрылып жардам сураганыңыз үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Маселени чечүүгө кылган аракетиңиз жакшы. Үй-бүлөнү сактап калууга кылып жаткан аракетиңиз мени кубандырып жатат.
Сотко түздөн түз "ата-энелик" укутан ажыратуусун талап кылып кайрыла албайсыз. Бирок прокуратура же балдарды коргоо боюнча мамлекеттик орган аркылуу кайрылсаңыз болот.
Атаңыз апаңыздын балдарга болгон укугунан ажыратуу үчүн сотко кайрылса болот. Бирок, ата-энелик угугунан ажыратуу боюнча тиешелүү негиздер болушу керек.
Ата-эне (алардын бири) төмөндөгүдөй учурда ата-энелик укуктардан ажыратылышы мүмкүн, эгерде алар:
- ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса;
- жүйөлүү себептерсиз өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн), болбосо дагы башка дарылоо мекемесинен, тарбия берүү мекемесинен, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинен же башка ушуга окшош мекемелерден алуудан баш тартса;
- ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланса;
- балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын тулкубоюна жана психикасына зомбулук көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса;
- аракечтик же баңгилик өнөкөт илдети болсо;
- өз балдарынын өмүрүнө же денсоолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса;
- жашы жетпеген өз балдарынын селсаяктыгына жол беришсе;
- бала эмгегинин эң жаман формаларына балдарды тартса» деп корсотулгон, эгерде ушул негиздердин бири болсо анда сотко кайрылууга болот.
Көйгөйдү туура чечүү үчүн жакындарыңыздын кеңешин алыңыз.