Саламатсызбы! Жолдошум спермаграмма тапшырган. Анализдин жыйынтыгы активдүү уруктар 35% түзгөнүн көрсөттү. Дарыгер муну аябай аз деп, дарыларды жазып берди. Эми, ошо дарылардан эффект болобу?
// //
Саламатсызбы! Жолдошум спермаграмма тапшырган. Анализдин жыйынтыгы активдүү уруктар 35% түзгөнүн көрсөттү. Дарыгер муну аябай аз деп, дарыларды жазып берди. Эми, ошо дарылардан эффект болобу?
Улан Суюмбаев
Уролог-андролог
Спермограмма – бул эркектердин спермасынын уруктандыруу жөндөмүнө баа берүүчү лабораториялык ыкма. Урологиядагы эң олуттуу анализдердин бири.
Сиз урологго кайрылган турбайсызбы. Демек ал жазып берген дарыларды ичип бүтүп, андан кийин кайрадан спермограмма анализин тапшыргыла. Мен сиздин диагнозду жана кандай дары жазылганын толук билбей туруп эффект болот же болбойт деп айтып бере албайм.
Ал үчун мен бейтаптын өзү менен сүйлөшүп: канча жашта, үй-бүлөдөгү эмоционалдык абал кандай, кандай тамактанат, канча баласы бар, канча жашынан баштап жыныстык катнашка барган деген суроолорго жооп алышым керек. Сперманын сапаты көп факторлордон көз каранды.
Уруктун сапатын жогорулатуу үчүн дары ичкенден сырткары туура тамактануу зарыл. Күнүмдүк рационго сабиз, ашкабак, укроп, петрушка, сарымсак, анар, алма, банан, авокадо сүт азыктарын кошкула. Ошондой эле уйдун эти, балык, козу карындар, гречка, буурчактын болушу керек. Жаңгактын бардык түрү абдан пайдалуу.
Тамеки чегүү жана спирт ичимдиктер сперманын активдүүлүгүнө терс таасирин тийгизет. Ошондуктан бул адаттардан арылуу керек, болбоду дегенде, кескин азайтуу зарыл.
Ден соолкта болуңуз!