// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

49 жаштагы майып баласы бар ата-эне "жеке ассистент" кызматын пайдалана алабы?

Менин 49 жаштагы бир тууган сиңдим дайым кароого муктаж. Аны иним менен келиним багат. Апам 80 жашта. “Багууга дайыма муктаж”  деген дарыгердин кортундусу бар. Биз 4900 сом ала алабызбы? Балдары майып ата-энелерге айлык төлөнөт деген мыйзам канча жашка чейинки балдар үчүн?

Эксперттин жообу
05.02.2019, 10:59

Кымбат Кадыралиева

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат катчысы

Саламатсызбы! Тилекке каршы, "жеке ассистент" социалдык кызматын 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган адамдар гана пайдалана алат. Тактап айтканда, баланы бакканы үчүн 4900 сом айлык алат. 

Бирок, жакынкы жылдарда 18 жаштан өйдө курактагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды караган жарандарга да "жеке ассистент" кызматын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү аракети көрүлөт.

 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт