// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Акыркы күндөрү кан аралаш заара кылып калдым. Гинеколог жооп берет

Саламатсызбы bilesinbi.kg редакциясы. Менин суроом мындай: бат-баттан цистит болуп оруйм. Акыркы күндөрү кан аралаш заара кылып калдым. Суук тийгенден ушундай болуп жатабы? Эмне кылышым керек?

 

Эксперттин жообу
04.02.2019, 12:31

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Урматтуу окурман – цистит табарсыктын сезгенүүсүнөн пайда болот. Бул ооруга ичегидеги таякчалар (кишечная палочка) себепкер. Өздүк гигиенаны, жыныстык катнаштагы гигиенаны сактабагандыктын кесепети. Үшүп калганда (переохлаждение) да цистит менен ооруп калуу коркунучу жогору.

Кан аралаш заара кылганыңар кооптуу симптом. Сизге элдик ыкмалар жардам бербейт. Жыныстык жолдошуңуз экөөнөр медициналык жол менен дарылангыла. Болбосо, бул процесс өнөкөт ооруга айланып бөйрөктөрдүн инфекциясы – пиелонефритке алып келет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт