Новосибирск шаарында 1-курста окуйм. Кыргызстанга кантип которулсам болот?
// //
Новосибирск шаарында 1-курста окуйм. Кыргызстанга кантип которулсам болот?
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Новосибирсктин кайсы окуу жайында окуйсуз? Кыргызстандын кайсы университетине которулууну каалап жатасыз? Сурооңузду толук жазбапсыз.
Сиз биринчи окуп жаткан университетиңиздин деканатына кирип сүйлөшүңүз. Алар эмне кылуу керектигин айтып беришет. Андан кийин Кыргызстандын кайсы окуу жайына которулууну пландасаңыз, ошол окуу жай менен байланышыңыз.
Ийгилик!