Цистит болгон адам төрөбөй калышы мүмкүнбү? Менин цистит болгонума бир жылдан ашты, айыга албай жүрөм.
// //
Цистит болгон адам төрөбөй калышы мүмкүнбү? Менин цистит болгонума бир жылдан ашты, айыга албай жүрөм.
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Окурман, цистит - табарсыктын сезгенүүсү. Дене түзүлүшкө караганда, заара чыгарчу тешик, жыныс органына жакын жайгашкан. Жыныстык кошулуудан, сасык тумоолоп ооругандан, туура эмес тамактануудан жана муздак жерге олтуруудан табарсыктын сезгенүүсүнө (цистит) кабыласыз.
Жакшы боло албай жүрсөңүз сөзсүз түрдө гинекологго же урологго көрүнүп, зааранын анализин тапшырыңыз. Сиз менен бирге жолдошуңуз дагы дарыланышы керек. Баары калыбына келгенде балалуу болууну пландаштырасыздар.