31 жумалык боюмда бар. Чел кабыктын жатындан бөлүнүшү деген диагноз коюлду (отслойка плаценты), бирок кан өз убагында токтоду. Дарыгердин көзөмөлүндө болуп, эч кандай дары ичкен жокмун. Чел кабык жатындан бөлүнсө балага залакасы тийбейби? Рахмат!
// //

Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Окурман, акыбалыңызды төмөндөгүдөй түшүндүрсөм болот. Сизде жарты чел кабыктын жатындан бөлүнүшү болсо керек. Убагында көзөмөл болуп, курсактагы балаңызга зыяны тийбептир.
Мындан ары абдан этият болуңуз. Кан басымыңызды эртең менен кечинде көзөмөлдөп туруңуз. Оор жумуш жасабай, баланын кыймылына көңүл буруп, гинекологдун айтканын аткарыңыз.
Аман эсен көз жарып алыңыз!