Күтүүсүздөн боюңда болуп калса эмне кылуу керек? Көп убакыт өткөрбөй аборт кылгандан башка айласы барбы? Алдын ала рахмат!
// //
Күтүүсүздөн боюңда болуп калса эмне кылуу керек? Көп убакыт өткөрбөй аборт кылгандан башка айласы барбы? Алдын ала рахмат!
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Окурман, биринчиден күтүүсүздөн кош бойлуу болбош керек. 21-кылымда үй-бүлөнү каалагандай пландаштырып, канчаны, качан төрөөрүңүздү жолдошуңуз менен кеңешип ишке ашыруу абдан туура чечим болот.
Аборт - бул контрацепция эмес. Ал аял кишинин ден соолугуна, психологиясына чоң зыян калтырчу кадам.
Эгерде сиз айткандай күтпөгөн жерден кош бойлуу болуп калсаңыз, ал сиздин гана чечимиңиз менен бүтчү иш. Адис катары кеңешим, бойго болгондон кийин төрөш керек. Туура чечим кабыл алаарыңызга ишенем. Ден соолукта болуңуз!