Мен азыр 17 демин. 10-классты бүткөндө мектепти таштап салгам. Аттестатты кечки мектептерден алса болот деп уктум. Балыкчы шаарында ошондой мектептер барбы? Бар болсо дарегин тактап айтып коёсуздарбы, мага абдан керек болууда.
// //

Марина Гречанная
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы
Ар бир жаран белгилүү бир шарттарга ылайык толук билим ала албай калса, сырттан билим берүү мекемелеринен окуусун бүтүрө алат. Бул үчүн ар бир облуста, район, шаарларда атайын кечки мектептер ачылган. 10- класска чейин кайсы мектепте окусаңыз ошол жерге барып, документтериңизди алып, жашаган жериңиздин райондук билим берүү борборуна кайрылып, кечки мектепке тапшырсаңыз болот.