Менин күйөм Россия жараны. Өзүм кыргыз жаранымын. Кыргыз жараны деген дипломум бар. Эгерде күйөмдүн фамилиясына өтсөм, Россиянын жараны болуп дипломум жараксыз болуп калбайбы?
// //
Менин күйөм Россия жараны. Өзүм кыргыз жаранымын. Кыргыз жараны деген дипломум бар. Эгерде күйөмдүн фамилиясына өтсөм, Россиянын жараны болуп дипломум жараксыз болуп калбайбы?
Марина Гречанная
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы
Баары өз каалоңузга жана чечимиңизге жараша. Мурунку дипломуңузду калтырып кое берсеңиз болот. Себеби жумушка орношуп жатканда нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат. Ал күбөлүктө фамилиясы алмаштырылды деген нерсе бар. Алмаштырып же алмаштырбай коюнун эч кандай айырмасы жок. Диплом жарай берет. Эгерде жок алмаштырам десеңиз, бүтүргөн окуу жайыңызга кайрылсаңыз болот.