// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Брекет салынган тиштерим кайра кыйшыйып калбайбы? Стоматолог жооп берет

Тишимдин үстүн брекет коюп түздөтүп жаттым эле. Астыңкы тиштерим кыйшык, кийин үстүңкү тиштериме таасир берип кайра кыйшык болуп калышы мүмкүнбү?

Эксперттин жообу
22.01.2019, 15:00

Нуржамал Канатбекова

Стоматолог

Саламатсызбы окурман. Ооба мүмкүн, эгер астыңкы тиштериңиз да кыйшык болсо үстүңкү тиштериңиз кайра эле мурунку абалына келип калуу коркунучу жогору. Брекет салганда тиш доктур адамдын жаагынын жабылышын эске алат. Көпчүлүк учурда брекет астыңкы, үстүңкү жаактарга бир салынат. Ошону менен жалпы эле тиштердин кабышы (прикус) оңдолот. Ооз жабылып турганда тиштер бири-бирине пазл сыяктуу дал келип турушу керек. Бир эле тарабы жасалганда тиштер дал келишпей, сүйлөгөнгө ыңгайсыз болуп, тамак ичкенде, чайнаганда кыйынчылыктар жаралат.

Ден соолук каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт