Саламатсызбы! Мен окуу жайдан чыгып кеткем. Аттестатымды алайын деп барсам, "карызың бар" деп бербей жатышат. Эмне кылсам болот?
// //
Саламатсызбы! Мен окуу жайдан чыгып кеткем. Аттестатымды алайын деп барсам, "карызың бар" деп бербей жатышат. Эмне кылсам болот?
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Контракт төлөө маселеси окуу жай менен студенттин ортосундагы атайын келишимде көрсөтүлөт. Сиз келишимди карап, кандай учурда контракт төлөнөт же төлөнбөйт экенин билсеңиз болот.
Ошондой эле окуудан четтетүү буйрутмасы чыкканга чейин юридикалык жактан ал университеттин билимин алып жаткан студент болуп эсептелесиз. Тактап айтканда, билим берүү кызматын колдонгонуңуз үчүн акы төлөп бересиз.