// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Программистке суроо-талап көп дешет

Программист болгум келет. Университеттен програмистке керектүү сабактардын негиздерин эле аз-аздан өтөбүз. Убакытты алган керексиз сабактар дагы бар. Мен курска барып, анан дароо стажировкага чыгып, калганын иштеп жатып үйрөнүп алайын дегем. Университеттен деле баарын өзүм окуйм, мындайча айтканда өз алдынча деле окуса болобу?

Эксперттин жообу
22.02.2018, 13:00

Алыбек Айдарбек уулу

«Sunrise Studio” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, программист 

 

Менин оюмча программист болуу үчүн убакытты коротуп университетке окуп, атайын диплом же сертификат алуунун зарылчылыгы деле жок. Окуу жайда жылдап үйрөнгөнүңдү өз алдыңча курстарга барып өздөштүрүп алып, стажка өтүп, бат эле иштеп баштаса болот. Өз алдынча иштөө үчүн курсту тандап жатканда, баасына эмес, бүткөндө иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүгү барбы, ошого караш керек. Мен өзүмдүн кесибим башка, программалоону өз алдынча эле үйрөнүп алгам. Үйрөнүүгө 3-6 ай кетти. Азыркы тапта өзүбүздүн жеке компаниябызды иштетип жатабыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт