// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Ата-энем көк бөрү ойногонума каршы. Кантип түшүндүрөм?

Саламатсызбы, мен 14 жаштамын. Ата-энем мени түшүнбөйт, колдошпойт. Апам базарда соода кылат. Мен апама жардам берем. Бирок, тажадым, базарды жек көрөм. Апам менин улак-тартыш ойногонума каршы. Үйдөн качып кетким келет. Кеңеш бериңизчи? Үйдөгүлөргө кантип түшүндүрөм?

Эксперттин жообу
18.01.2019, 17:57

Карлыгаш Акимкулова

“Psihoanaliz.kg” психотерапия борборунун психотерапевти

Урматтуу окурман! Базар аркылуу сенин үй-бүлөң нанын таап жатат. Ошондуктан жакындарың буга аябай маани берип, сенин да жардамыңа муктаж болуп турушат. Сенин хоббиң, кандайдыр бир максатың болгону абдан жакшы, бирок жетишсиз. Эми чыдамкай, өжөр болгонду үйрөнүшүң керек. Спортто бул башкы сапаттардын бири. Өзүңдүн убактыңды пландап, ата-энеңе жардам берүүгө да, улак-тартышка да, сабака да убакыт бөлгөнгө аракет кыл. Үйдөн качып кетем деп коркуутуунун кереги жок. Ата-энең менен өзүңдүн пландарың, максаттарын тууралуу ачык сүйлөш. Алар акыры көнүшөт.

Нуржан Мелисбек

“Ынтымак” командасынын улакчысы

Менин да ата-энем көк-бөрү ойногонума каршы чыккан. Анткени бул оюндун айынан атам каза болгон. Бирок, кызыккан нерседен баш тарта албайт экенсиң, таштап салуу оор. Мен каршылыгына карабай ойной бердим. 11-классты бүтүргөндөн кийин апам, эми сен чоңойдуң кандай кыларыңды өзүң чечесин деп айткан. Бирок сен азырынча жаш экенсиң, сага бир аз убакыт керек. Сабакка көбүрөөк көңул бөл, билим ал. Улакчы болуу - бул кесип эмес. Өмүр бою улак тартып жүрө албайсың. Спорттун өмүрү кыска болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт