Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Табарсыгым ооруп, этек кирим кечигип жатат. Гинеколог жооп берет

Эки жумадан бери белим талып, заара ушаткандан соң жыныстык жагым көпкө чейин ачышчу болду. Табарсык тарабым ооруткансыйт, этек кирим да убактысынан кечигип жатат. Эмне кылсам болот? 

Эксперттин жообу
18.01.2019, 09:53

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Окурман, сиздин сурооңузга жооп берүү үчүн кошумча суроо берүүгө туура келет. 

  • Турмушка чыктыңыз беле?
  • Канча күндөн бери этек кир кечигип жатат?

Эки жумадан бери ооруп жатса тезинен гинеколог менен урологго текшерилиңиз. Тарбарсыктын сезгенүүсү болушу мүмкүн. Анализ тапшырып, так себебин аныктап, дарыланышыңыз керек. Болбосо, сезгенүүнүн бөйрөккө өтүп кетүү коркунучу бар. Ден соолукта болуңуз! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт