Саламатсызбы! Долбоор иштеп чыгып КТРКга берсек, алар кабыл алып, эфирге чыгаруу үчүн акча төлөш керекпи? Ким менен байланышса болот? Маалымат берип коюңузчу?
// //
Саламатсызбы! Долбоор иштеп чыгып КТРКга берсек, алар кабыл алып, эфирге чыгаруу үчүн акча төлөш керекпи? Ким менен байланышса болот? Маалымат берип коюңузчу?
Зарема Кокомбаева
КТРК аппарат жетекчиси
Урматту окурман, долбооруңузду эфирге чыгаруу үчүн эч кандай акча төлөөнүн кереги жок.
Алгач КТРКнын генералдык директорунун атына расмий кат менен кайрылуу керек. Каттын ичинде долбоор тууралуу кыскача айтылып, эгер тартылган болсо кыска видео версиясы тиркелсе артыкчылык берилет.
Андан кийин долбоор КТРКнын көркөм кеңешине жөнөтүлөт. Алар карап чыгып, долбоор канчалык деңгээлде каналдын редакциялык саясатына ылайык келе турганын аныкташат. Ошондой эле долбоордун видео, үн, монтаж жана башка техникалык көрсөткүчтөрүнө чоң маани берилет.
Жактырылган болсо долбоор андан ары юристтерге келип түшөт. Ал жактан келишим түзүлүп, тараптардын милдеттери каралат.
Бул этаптардын бардыгын өткөндөн кийин долбоор эфирге чыгарылат.
Кошумча маалымат алуу үчүн 0312 39-20-59 номерине чалсаңар болот. Ал эми сунуштарыңарды kozar.shamil@gmail.com дарегине жөнөткүлө. Бардык каттарды карап чыгабыз!