Саламатсызбы! 20 жаштамын, турмушка чыга элекмин. Азыркы учурда шаарда жашайм. Гинекологго көрүнөйүн дегем, бирок каттоом айылда. Каттоосу жок гинекологго көрүнсөм болобу?
// //
Саламатсызбы! 20 жаштамын, турмушка чыга элекмин. Азыркы учурда шаарда жашайм. Гинекологго көрүнөйүн дегем, бирок каттоом айылда. Каттоосу жок гинекологго көрүнсөм болобу?
Саламатсызбы окурман! Шаардык бейтапканага текшерилүү үчүн жашаган жериңизден маалымкат алып, тиешелүү поликлиникага каттоого турасыз. Андан соң карточка ачтырып алып, сизге керектүү дарыгерге көрүнө бересиз. Болбосо жеке клиникаларга акча төлөп текшерилсеңиз болот. Студент болсоңуз студенттик поликлиникага кайрылыңыз. Ден соолук каалайм!