// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Досторум көп, бирок жалгызмын. Кимге кайрылам?

Саламатсызбы, мен 14 жаштамын, ата-энем Россияда эмгектенишет. Мен чоң энемдин колундамын. Менин көйгөйүм мындай: жашоодо активдүү жүрөм, досторумдун арасында шайыр баламын, бирок, жан дүйнөмдү бир нерсе кыйнап келет. Эмне экенин өзүм деле түшүнбөйм. Дүйнө таанымым мыкты, көп окуйм. Оор турмушту көрсөткөн чыгармаларды жазам. Жеке акын-жазуучулар мектебин ачкам. Бир топ бирикмелердин мүчөсүмүн. 

Бирок, реалдуу жашоого көнө албай келем. Ата-энемдин ортосундагы чыр-чатак, коомдогу адилетсиздик, жалгыздык. Кээде себепсиз эле ыйлайм.   

Эксперттин жообу
16.01.2019, 12:10

Карлыгаш Акимкулова

"Psihoanaliz.kg" психотерапия борборунун психотерапевти

Саламатсыңбы, урматтуу окурман! Сенин жазгандарыңа караганда абдан мыкты, өзгөчө бала окшойсуң. Өтө сезимтал экенсиң. Табият берген талантың бар - бул сенин байлыгың. Өзүңдү активдүү алып жүргөнүң да мактоого татыктуу.

Сен болгону 14 жаштасың, али баласың. Ошого карабай эмитеден коомдун көйгөйлөрү ойлондуруп, адилетсиздикке кайдыгер карап тура албаймын деп жаздың. Азырынча, ал маселелерди түздөн-түз чечүү сенин колуңан келбейт.  

Сенин күчүң башкада. Өзүңдүн чыгармаларың жана иш-аракетиң менен башкаларга үлгү болуп, айланадагыларга таасир этип, алардын көз карашын өзгөртө аласың. Чыгармачыл адамдар жаратман келишет. Ошондуктан сен дагы бардык энергияңды, күч кубатыңды окууга, изденүүгө, чыгармачылыгыңа жумшашың керек. Ийгиликтүү күндөр али алдыда.

Жан дүйнөң кыйналып турса, өзүңдүн бул жашоодогу ордуңду таппай жатсаң, адискөй психологго кайрыл деп кеңеш берем.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт