Жигитим көңүлү жок экенин билдирди. Мен аны жакшы көрөм. Бирок, "сени таштагым келбей жатат" деп кайр бир жообун айта албай жүрөт. Эмне кылсам болот? Тез аранын ичинде эле өзгөрүп кетти, эмне себептен экенин билбейм.
// //

Бермет Наралиева
Психолог
Кызым, келечеги жок мамиленин ушунчасында токтотконуң дурус. Көңүлү жоктугун билдирип, бирок толук таштап кете албагандыгы анын ошол шартка ыңгайлашып, көнүп алганы. Эч ким зордук менен мээримдүү боло албайт.
Бул окуядан өзүңө сабак ал, туура түшүн, мындан кийин ушу сыяктуу жагымсыз ситуациядан алыс болууга аракет кыл. Сени сүйүп, баалаган адам сөзсүз табылат. Ийгилик!