Карлыгаш Акимкулова
"Психоанализ.кг" психотерапия борборунун психотерапевти
Урматтуу окурман, албетте азыркы кезде сен үчүн сабактарга даярдануу абдан маанилүү. Анын үстүнө жакын арада олимпиадага да катышат экенсиң. Сен Азаматсың!
Жакындарың сени түшүнбөй, сага шарт түзбөй жатышат деп ачууланып жатасың. Бүгүнкү кез сенин жашооңдун олуттуу учуру. Балалык кез артта калып, сен чоң адам болдуң. Демек, сен өз алдынчалыкка үйрөнүшүң керек. Чоң кишилер өз көйгөйлөрүн өздөрү чечишет.
Иниң кичинекей экен. Балдар узак убакытка чейин тынч отура алышпайт. Ары-бери чуркап, тентек кылып, бирде күлүп, бирде ыйлаганы кадимки көрүнүш. Бөбөгүңө өзүңдүн убактыңды бөл. Ага китеп окуп бер, аны менен сүрөт тарт. Иниң менен жылуу мамиле түз. Сага болгон ишеними пайда болуп, сенин айткандарыңды аткарганга аракет кылат. Чоң адам менен сүйлөшкөндөй түр көрсөтүп, тынч отуруп турушун суран.
Апаңдын мүнөзү болсо эбак калыптанып калган. Ал иниңди башкача алаксыта албайт. Урушканда гана тил алат деп көнгөн. Апаң менен жайдары сүйлөшүп, келечектеги пландарың тууралуу айтып бер. Анын колдооосуна муктаж экениңди билдир.
Мындан ары айрым чечимдерди өзүң чыгарып, өзүң үчүн ылайыктуу шарттарды өзүң түзүшүң керек. Күндүз сабак окуган мүмкүн болбой жатабы, демек, бардыгы уктап жатканда оку, түнкүсүн же эртең менен тан атпай. Мугалимиң менен сүйлөшүп, сабактан кийин мектепке бир-эки саатка калып деле окусаң болот. Айтор кандай гана кырдаал болбосун жолун таап кетүү мүмкүн.
Ийгилик каалайм!