Эки жаштагы кызымдын мурду агып (маңкасы) токтобой жатат. Эмне кылсам болот?
// //
Эки жаштагы кызымдын мурду агып (маңкасы) токтобой жатат. Эмне кылсам болот?
Анара Кушубекова
Педиатр
Урматтуу айым, баланын мурдун физиологиялык эритме же "аквамарис", "аквалор" деген суулар менен жууп койсоңуз болот. Бирок, эсиңизде болсун, кандай гана ыкмала болбосун чеги менен колдонуш керек. Шартыңыз болсо аймактагы үй-бүлөлүк дарыгерге көрсөтүңүз. Үй-бүлөңүзгө ден-соолук каалайм!