Саламатсызбы! Менин 5 айлык боюмда бар. Белим аябай катуу оорутканынан чыдабай, диклофенак деген укол алып алдым эле. Дарыгерлер грыжа бар дешкен. Курсактагы балама зыяны тийбейби, эч кандай коркунучу жокпу?
// //

Гүлзина Мадраимова
Акушер - гинеколог
Саламатсыңбы! Кош бойлуулук өзү эле омурткага оорлук кылат, грыжаң да бар экен. Андыктан оор жумуш кылып, оор жүк көтөрүп, одоно кыймыл - аракет жасаба. Өзүңдү абдан абайлап жүр. Ар бир даарыны сени көзөмөлдөгөн гинеколог менен кеңешип ал. Уколдун ордуна, ошол эле даарыны мазь түрүндө колдонсоң жакшы болмок. Азыр кош бойлуулугуң 20 жума болсо, УЗИ скрининг өтүү мөөнөтү келиптир. Өтүп, баланын абалын билип алсаң болот.