// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Атам өлөөрчө сабады

16 жаштамын. Мен 2 жыл мурун түндө жигитиме чыгып кеткем. Мен анда эч нерсе билбей, жигитти эле ойлоп чыгып кеткем. Үйгө келгенде ата-энем мени издеп жүрүптүр. Атам мени аябай сабап салган. Ошондон бери мен ушу күндү эстеп аябай өлгүм келе берет. Канча жолу кан тамырымды кесип, жипке муундум. Бирок өлө албай койдум. Мен өзүмдү аябай оорукчан кыздай сезем. Атамды аябай жаман көрүп калдым. Канча жолу психологияны окудум. Жардам бербеди. Ошол күндү эстеп, кандай жаман болуп жатканымды эч ким түшүнбөйт.

Эксперттин жообу
21.02.2018, 10:10

Ильдар Акбутин

Психолог

Сиздин окуяңыздан кийин 2 жыл өтүптүр, бирок азыркы учурга чейин ал нерсени унута албай жатсаңыз, сизге сөзсүз түрдө психологдун жардамы керек. Ал сиз менен баарлашып, абалдан чыгууга жардам берет. Себеби өз жаныңызга кол салуу, жаратыңыз терең экендигин айтып турат. Көп учурда суицидге үнү жетпей, жардамга муктаж болгондуктан барышат. Ошол себептүү мен сизге, сөзсүз түрдө психологго барыңыз демекчимин.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт