Саламатсызбы. Мен да суроо берейин дегем. Азыр 7 айлык боюмда бар. Бир айдай болуп калды, төшүмөн сары түстөгү суюктук чыгып жатат. Мунун коркунучу жокпу?
// //
Саламатсызбы. Мен да суроо берейин дегем. Азыр 7 айлык боюмда бар. Бир айдай болуп калды, төшүмөн сары түстөгү суюктук чыгып жатат. Мунун коркунучу жокпу?
Гүлзина Мадраимова
Акушер - гинеколог
Саламатсызбы! 7 айлык кош бойлуулукта эмчек бездеринде ууз пайда болуп, баланы эмизүүгө даярдана баштайт. Анын коркунучу жок, бул денеңиздин физиологиялык өзгөрүүсү. Сиз эмчек бездериңизди таза кармап, учун жылуу суу менен жууп, аарчып туруңуз.