Биринчи аялымдан мектепте окуган эки балам бар. Экинчи никемден эгиз балалуу болдум. Сурайын дегеним, сот алиментимди азайтып бере алабы?
Адвокатым азайтууга болоорун айтты. Сотко доо арыз менен кайрылгам. Сот отуруму болуп, "иш кагаздарыңды толуктап кел" дешти. Ал эми соттун төрөгасы "мыйзамда алименти азайтуу мүмкүн деген сөз бар", - деди. Чын эле мыйзамда алиментти азайтуу барбы?