Карлыгаш Акимкулова
“Психоанализ.кг” психотерапия борборунун психотерапевти
Урматтуу мырза, биринчиден үй-бүлөлүк жашоону калп айтуу менен баштаган болбойт. Сенин жубайың үчүн башкалардын алдында уялганың ага катуу тиет, ал өзүн элден кем сезе баштайт. Өзүң да калп сүйлөгөндөн кыйналып кетесиң, жалган турмушта жашоо оор.
Экинчиден, сүйүктүүң күйөдөн чыкканы катуу тийип жатса, демек сен үйлөнүүгө али даяр эмессиң. Алгач өзүңдүн ички сезимдериңди, жан дүйнөңдү ирээттеп ал. Сен ал келиндин сенин бир бөлүгүң болушун каалайсыңбы, аны өткөн чактагы жашоосу менен кошо кабыл аласыңбы? Келечекте, мурунку жашоосуна асылбай, тийишпей, жакшы көрүп, урматтайсыңбы? Эгер сен аны сыйлабасаң, аны ата-энең да жакын туугандарың да сыйлабайт. Ал үчүн уялып, жазганып турсаң, эч убакта анын таламын талашып, бөлөк адамдан коргой албайсың.
Ошондуктан, алгач өзүң үчүн чечим чыгар. Сен ал келин үчүн жоопкерчиликти ала аласыңбы? Эгер эч бир ойлонбой туруп, “ооба, мен бүт өмүрүмдү ушу адамга байлайм, ар дайым камын көрүп, алаканыма салып жүрөм”,- десең анда үйлөн. Бирок бир аз гана күмөнүң бар болсо, анда ал кызга баш кошпой эле койгон оң. Анын да, өзүңдүн да, келечектеги бала-чакаңдын да бактысыз болуусуна себепкер болуп каласың.