Жигитим жакында эле каза болуп калды. Өзүмдү такыр кармай албай ыйлап жатам. Эмне кылсам болот? Кантип унутсам болот? Сүрөттөрүн көрүп эле токтоно албай жатам.
// //
Жигитим жакында эле каза болуп калды. Өзүмдү такыр кармай албай ыйлап жатам. Эмне кылсам болот? Кантип унутсам болот? Сүрөттөрүн көрүп эле токтоно албай жатам.
Тамара Воронцова
Психолог
Сизге терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жаш жигит бул дүйнө менен тез эле кош айтышканы чоң кайгы, ал сүйүктүү адамыңыз болсо анда эки эсе. Мен баарын түшүнүп турам. Сиздер бирге жүрүп, бири-бириңиздерди жактырып, келечекке пландарды кургансыздар. Демек бул нерселерди унутпашыңыз керек. Себеби сиздер белгилүү убакка чейин бактылуу болдуңуздар. Кээ бирөөлөр өмүр бою бирөөну сүйө албай, өзүн бактылуу сезе албай өтүшөт. Бул сиздин жашооңуздун бир бөлүгү эле, ал бүттү. Тагдыр ошондой чечим кабыл кылды. Сизде жаңы мамиле болот. Ар бир мамиле эки себеп менен бүтөт, айрылышуу же жесир калуу. Сизде азыр ушундай финал. Жашооңуздун жаңы этабы башталды. Бул баскычта иштөө, үй-бүлө куруу, балдарды тарбиялоо жана бактылуу болууга үйрөнүшүңүз керек. Алдыга кайраттуу караңыз. Психологдордун айтымында, жоготуудан кийин адам өзүңө келүү үчүн 3-4 жыл керектелет. Бирок бул убакытты жакындардын, жакшысы психологдун колдоосу менен кыскартып койсо болот. Мындай учурда жараттан айыгуу оңой болуп, бактылуу жашоого батыраак кадам жасай аласыз. Айта кетсем, келечектеги мамилеңизди эч качан жоготкон жигитиңиз менен салыштырбаңыз. Ар дайым аны идеализация кыла берсеңиз, анда өзүңүзгө эч кимди таба албайсыз. Ичиңизден, ойлоруңуздан ага ыраазычылыгыңызды билдирип, өткөн чакка калтырып, алдыга кадам таштаңыз. Сизге жан дүйнөңүзгө тынчтык, бакыт каалайм.