Мен 8-классымдан баштап өзүмдүн айылымдагы бир бала менен сүйлөшүп баштадым. 2 жыл өткөндөн кийин сөйкө салып келишти. Андан бир жыл өткөндөн кийин айылда эмнегедир мен жөнүндө кайдагы эле башка бала менен сүйлөшөт, тиет экен деген сөздөр чыкты. Ал сөз жигитимдин туугандарына да жетиптир. Мен канча айтып ыйлаган менен ал мага ишенген жок. Экөөбүз бир жыл сүйлөшпөй калдык. Бир жылдын ичинде мен аябай кыйналдым. 1-курска тапшырып окуп баштагам. Окуума да көңүлүм жок болду. Ошентип быйыл экинчи курсмун. Жигитим кайра чалып баштады. Бирок сен ушундай кылгансың, сен минткенсиң деген сөздөрү калган жок. Ушул убакка чейин ар бир айткан сөзү ыйлатат. Анан бир жума мурун “мен сени жакшы көргөнүм үчүн эмес, сыйлаганым үчүн сүйлөшүп жатам. Үйлөнсөм да сыйлаганым үчүн үйлөнөм” деди. Эмне кылаарымды билбей калдым. Үй-бүлө болсо деле бул жагдай улана берчүдөй сезилип жатат. Мен бул нерсени ата-энеме дагы айта албайм. Алар сураса баары жакшы деп коём. Анткени мен өзүм тандагам. Апамдар каршы чыкканына болбой сөйкө салдыргам. Эми аларга эч нерсе дей албайм. Муну менден башка эч ким билбейт. Ичимден сызып улам ыйлап алам. Кыйналып кеттим аябай. Кимге эмне деп айтаарымды да билбей калдым. Менин мынчалык кыйналганымды апамдар билбейт.