// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Кантип аскердик билет алсам болот?

1. Менин жашым 25те. Аскерге чакыруу 25 жашка чейин кыскартылгандыктан чакырылбай калдым. Өзүм мамлекеттик күч органдарында иштөөнү эңсейм, окууну чет өлкөдөн бүтүп келдим. Кантип аскер билетин алсам болот, 50 миң төлөп 1 ай кызмат өтөсө болот деп уктум. Ал билет жарайбы мамлекеттик кызматка орношууга. Ал жакта наам берилеби? Бир жыл аскерге кызмат өтөгөн аскер билети менен 50 мин төлөп 1 ай кызмат өтөгөн билеттердин эмне айырмасы бар?

2. Мен финансы тармагында окуйм. Азыркы учурда аскер билетсиз мамлекеттик иштерге албайт деп айтышат. Кээ бирлери финансы тармагында окугандарга аскер билетинин кереги жок деп айтышат. Финансы тармагында окугандарга аскер билети керекпи?

Эксперттин жообу
20.02.2018, 15:57

Нуржанат Алмазбек уулу

аскердик эсепке алуу боюнча инспектор 

1.   Туура айтасыз азыр 1 жылдык кызмат өтөө 18 жаштан 25 жашка чейинкилерге. Ал эми сиз айткан 50 миң төлөп бир ай кызмат өтөө 25 жаштан 45 жашка чейинкилер үчүн. Аскер билетти алуунун айырмасы жогорудагыдай жаш куракта болот.

2.   Туура! Мекенге кызмат өтөбөгөн жаран “аскер билетсиз” болот. Ал эми мамлекеттик жумуштарга аскер билетинин кереги тийет. Финансы тармагында окусаң деле, бул нерсе өзгөрүлбөйт. Андыктан жоокер аталып, аскер билетин ал.

0
Пайдалуу жооп
У
Уларбек Кутубек Уулу
15.11.2018, 22:50

Менин суроом томондогучо мен Аскердик билетимди (вайеный билетимди  ) жоготуп алдым кайрадан кантип кандай жол менен алсам болот жооп кутом сиздерден срочна

 

1
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт