// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Дин таануучу психолог боло алабы?

Саламатсызбы! КУУнун социалдык-гуманитардык илимдер факультетинде окуйм. Бизде бир нече кафедра бар: психология, социология жана мен окуган дин тануу. Дин таанууну бүтүргөндөн кийин магистратурага психология багытына тапшыра аламбы? 

 

Эксперттин жообу
27.12.2018, 10:34

КРнын билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы

Саламатсызбы! Мамлекетибиздин билим берүү стандарттарына ылайык, студенттер бакалаврды кайсы багытта бүтүрсө, ошол багыт боюнча гана магистратурага тапшыра алышат.

Тактап айтканда, сиз магистратурага дин таануу боюнча гана окуй аласыз. 

Бирок, сизде бир мүмкүнчүлүк бар. Бакалавр дипломунун негизинде тездетилген программа менен психология боюнча бакалавр даражасын алып, магистратурага тапшырсаңыз болот.

Ийгилик! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт