// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Күйөөм "төрөбөйсүң" деп урат. Эмне кылам?

18 жаштамын. Жолдошум 24 жашта. Мени ала качып кеткен. Жети айдан бери боюмдай болбой жатат. Күйөөм төрөбөйсүң деп кол көтөрүп, кээде сабайт. Бир дарыгерге барып текшерилсем “сенде баары жакшы” деген. Бирок, дагы бирөө “цистит болупсуң, төрөй албай каласың” деген. Жолдошума чогу текшерүүдөн өтөлү десем макул болбойт.

Эксперттин жообу
26.12.2018, 10:37

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Урматтуу окурман, 7 айдан бери боюңузга бүтпөй жатса, жолдошуңуз менен бирге текшерилүүдөн өтүү керек.

Жолдошуңуздун “төрөбөйсүң" деп күнөөлөп урганы караңгылык. Балалуу болуу бир гана аялдан көз каранды эмес. Эмне себептен балалуу болбой жатканыңарды дарыгердин көзөмөлүнөн өткөндөн кийин гана биле аласыз. Кааласаңыз мага кайрылыңыз, жардам берүүгө даярмын.  

0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
26.12.2018, 14:26

Гүлбарчын Жумабекова

Эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт

Саламатсызбы урматтуу окурман! Күйөөңүздүн төрөбөгөнүңүзгө шылтоолоп кол көтөрүүсү дене бойлук зомбулук деп аталат. Биздин республикада "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо" мыйзамы бар. Бул мыйзамга ылайык мамлекет сизди үй-бүлөлүк зомбулуктан коргойт. Ал эми, психолгиялык жана турмуштук тажрыйба жагын алып карасак, балага шылтоолоп, 7 айдын ичинде сизге кол көтөргөн эркек, өмүр бою кол көтөрөт. Боюңузда болбой жатканы жөн эле шылтоо. Балалуу болгон күндө деле уруш чыгарганга башка шылтоолор табылат. Ал эми, ата-энеси дайыма уруш-талаштуу үй-бүлөдө чоңойгон баланын психологиясы жабыркап, таяк жеген аял дене бойлук, психологиялык жактан дайыма жабыркаган абалда болот. Ойлонуп, ата-энеңиз менен кеңешиңиз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт